Чолпон-Ата шаарында жеңил унаа жолдун четинде бараткан эки аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Каракол-Балыкчы унаа жолунун 135-чакырымында Субару Легаси үлгүсүндөгү унаа жол четинде бараткан эки аялды сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылып, жабыркаган 2 аял "Тез жардам" кызматы менен Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.
Окуя 28-сентябрь күнү саат 11:00 чамасында болгон.
"Учурда жол кырсыгына кабылган бейтаптар дарыланып жатышат. Алардын экөөсү тең баш мээси чайкалган абалда алынып келген. Учурда абалы туруктуу. Толук дарыланып бүткөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылат", - деп билдирди Чолпон-Ата шаардык оорукананын директору Алмира Алдашова.