Шаардык сот "диний кастыкты козутту" деп айыпталып жаткан Зулпукар Сапановдун ишин карап жатат

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек шаардык сотунда "диний кастыкты козутту" деп айыпталып жаткан журналист Зулпукар Сапановдун иши каралууда. Алгач отурум ачык деп айтылып, кийин сот журналисттер кирбесин деген чечим чыгарды. Ага нааразы болгон Сапановдун тарапташтары эшикти тосуп турган конвойлорду түртүп кирип кетишти. Кийин журналисттер киргизилип, бирок камерага тартууга уруксат берилген жок.

Айта кетсек, 12-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Зулпукар Сапановдун ишин караган. Анда Сапановдун “Кыдыр санжырасы” аталышындагы китеби "Мусулмандардын диний ишенимине шек келтирет" деп табылып, ал 4 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле сот залынан камакка алынган.

Журналист Сапановдун сотуна тарапташтары кирбесин дегенге көнбөй кирип кетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан