Бишкек шаарындагы дүкөндөрдүн бирин тоноого шектелип 17 жана 18 жаштагы эки бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-сентябрда Бишкек шаарындагы дүкөндөрдүн бири тонолгон. Издөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип, Чүй облусунун 18 жаштагы Т.Т. жана 17 жаштагы А.А. аттуу жашоочулары кармалган.
Учурда аталган факты боюнча 167-берененин (тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр Бишкек шаарындагы №1-тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылат маалыматта.