Бишкектин четинде дрон менен видео тарткан журналист белгисиз адамдардын курчоосунда калганын билдирди

Бүгүн, 30-сентябрда журналист Элнура Алканова интернеттеги жеке баракчасы аркылуу түз эфирде аны белгисиз адамдар курчоого алып, унаасын өткөрбөй жатканын билдирди. Айтымында, журналисттик иши менен Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылы тараптагы Ала-Арча-3 конушуна келип, дрон менен видео тарткан. Кийин белгисиз адамдар келип, тартылган видеону толук өчүрүүнү талап кылышкан. Ага макул болбогон соң ал отурган унааны эч жакка өткөрбөй тороп алышкан.

Ошондой эле ал коопсуздугуна кепил болуу үчүн депутаттарга маалымат берүүнү интернет колдонуучуларынан суранды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, ал жерге милиция кызматкерлери барышканын жана эки тарап арыз жазып жатышканын билдиришти.

Окуя болгон жерге барган юрист Канатбек Азиз: "Элнура Алканова журналист катары бул жакта съемка кылып жүргөн экен. Көчөдө эле, бирөөнүн үйүнө кирбестен. Кийин анын артынан күзөтчүлөр "тасманы өчүр" деп, ал отурган унааны тороп алышкан. Окуя болгон жерге Октябрь РИИБинин жетекчилиги келди. Учурда эки тарап арыз жазып жатышат. Журналист "мыйзамсыз кармашты" десе, экинчи тарап "жеке турак үйдү тартты" деп айтышууда. Кимдин үйү экенин эч ким айтпай жатат", - деди SUPER.KG порталына.

Алдын ала маалымат боюнча, журналист жеке менчик турак үйлөрдүн бирин дрон менен тарткан. Ал үй кимге таандык экени азырынча белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kyrgyz.kg83
2017-09-30 17:16:09
Видеосун жуктосун батыраак
+4
bars_wire
2017-09-30 17:23:18
Жонокой адамдын уйу эмеско менимче
+7
Karban86
2017-09-30 17:54:17
Бул кимдин уйу болуш мумкун? Келгиле ойлонолучу?
+5
Snejana
2017-10-01 02:34:52
Karban86,ха ха жардын го. Мен ойлоно баштадым.
+2
almanbetperm
2017-09-30 17:54:49
Азырак билсен,кобуроок жашайсын деп койот беле,да кыз коркуп калыптыр чекчейип
+8
Nargiza1987k
2017-09-30 18:49:01
Батыраак чыгаргылачы видеосун
+3
Adi97
2017-09-30 18:57:01
Dagy bir deputat je ministirdin uiu da. Karapaiym el bolso anchalyk bolmok emes da.
+3
Arlenchik
2017-09-30 22:04:01
Демек ал мамлекеттик кызматта иштеген бир жеп жутардын уйу болсо керек, анан журналист кыз ал жонундо сьемка даярдаш учун чынле барып анын уйун тарткандыр аны байкаган кузотчулору келип кармап алды да.
+5
nur72
2017-10-01 02:27:16
шайлоо алдында дагы бир саясий оюн журналисттерди саясий курал катары колдонушат
+1
Akyl78.1501
2017-10-01 11:36:50
Баарынанда мага кыз жакты сулуу жылдыздуу кыз экен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан