Ысык-Көл ОИИБи: "4 адам каза болгон "Тез жардамды" кырсыкка учураткан унааны 23 жаштагы кыз башкарып бараткан"

Бүгүн, 1-октябрга караган түнү саат 3:00 чамаларында Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата-Балыкчы жолунда "Тез жардам" унаасы жол кырсыгына кабылып, ичинде бараткан 4 адам каза болгон. "Тез жардам" унаасы кош бойлуу аялды төрөт үйүнө алып баратканда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа артынан сүзүп, дарыгерлердин унаасы оодарылып кеткен.

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун SUPER.KG'ге билдиргенине караганда, Мерседес-Бенц унаасын 23 жаштагы кыз башкарып бараткан. Ал кыз Жалал-Абад облусунун тургуну экендиги белгилүү болду. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалды.

Маалым болгондой, аталган жеңил унаанын ичиндеги башка жүргүнчүлөр, бактыга жараша, жабыркаган эмес. Ал эми "Тез жардам" унаасында көз жумган кош бойлуу келин 19 жашта болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
umar_official
2017-10-01 12:53:22
кудай сактасын бөөдө кырсыктан
+4
umar_official
2017-10-01 12:53:40
жайлары жаннаттан болсун!
+2
Isco23
2017-10-01 12:54:37
Кош омурдун омурун алыптыр,жакын туугандарына сабыр,жаннатын бейиштен кылсын Аллахым
+5
Anarbek11
2017-10-01 12:57:04
Жандарм жаннаттан болсун,жаман болуптур байкуштар.
+2
TazaKyrgyz
2017-10-01 13:03:49
Иии шорун каткыр озунда жаш экенсин олгондорчу,олгондор абайлабапсын кызым абайлабайт белен.Жаш кунундо шорун катты го шордуу ай шордуу.Куноосуз олгондордун жаткан жерлери жайлуу болсун.Айдоочулар айланайындар абайлагылачы!
+1
janat.kg
2017-10-01 13:04:43
Сааттыны 180км газ басанда алдында турган машинаны коргонго болотко. Айла жок ойлонгондо эмне пайда олум болуп атса. Жаткан жери жайлуу болуп бейишинен кылган болсун.
+8
Drongo
2017-10-01 13:10:06
Оо Кудай жапжаш келин экен,биринчиси экен да боюндагы баласы.Беш адамдын каны,жаны тиги куноолу кызды жон керек,омур боюу соттолсо дагы.Толугу менен жазасын алсын,куноокор кыз.
+7
nelya88
2017-10-01 13:15:15
Акча берип жеңил жаза алып чыкса да таң калбайм,коррупцияга малынган соттордун заманында..
+13
Asman...
2017-10-01 13:54:44
Машина ХХХ Праваны сатып алган бироо экен да. Жайлары жаннат болсун.
+6
L_Messi
2017-10-01 14:56:58
Уже мындай жанылыктардан тажап калдым, жакшы жанылыктардан кобуроок чыгарса жакшы болмок
+2
madina.87
2017-10-01 16:40:07
Уйундогу туугандары суйунчу угабыз деп отурганда кайдагы бир кыздын айынан оо дуйно кетишип азапка салыптырда туугандарын.
Бейишинерди берип,жайынар жаннаттан болсун.
+5
Chinnuri
2017-10-01 17:05:31
Тунку саат 3то. Айдоочу кыз уктап кеткен го. Жайлары жаннатан болсун.
+5
InsanIndira94
2017-10-01 23:46:18
Эртен менен жанылыкты бул жактан окудум эле..Азыр эми, каза болгон келин кичинекейибизде чоогу ойноп,бирге чонойгон менин кошуна кызым экенин угуп жаман болуп жатам.Жакшы кыз болчуу..Айла жок.Буйрук да.Кудайым жаннаттан орун берсин!!!:(:(:(
+2
Rasul94
2017-10-02 16:30:37
скорыйлар эскирди Маша аюудагыдай болуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан