Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына жакын жерде катталган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан маалымат беришти.
Белгилүү болгондой, 1-октябрь түнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда "Тез жардам" унаасы жол кырсыгына кабылып, 4 адам каза болгон. "Тез жардам" унаасы кош бойлуу аялды төрөт үйүнө алып баратканда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа артынан сүзүп, дарыгерлердин унаасы оодарылып кеткен. "Тез жардам" унаасындагы айдоочу, фельдшер, кош бойлуу 19 жаштагы келин жана анын жанында коштоп бара жаткан тууганы болуп төртөө тең кырсыктан улам көз жумушкан.
Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун SUPER.KG'ге билдиргендей, Мерседес-Бенц унаасын 23 жаштагы кыз башкарып бараткан. Ал Жалал-Абад облусунун тургуну экендиги белгилүү болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалды. Ошондой элек шектүү Ысык-Көл РИИБинин тергөө бөлүмүнө 48 саатка камакка алынганы маалым болду. Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак, айдоочу кыз мас абалында болгон. Анын жанындагы 3 жүргүнчү, бактыга жараша, жаракат алышкан эмес.