Ош шаардык милициясынын подполковниги Таирбек Уларовдун өлүмүнө шектелген жарандын иши тергелип бүтүп, сотко өттү

Ош шаардык милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун өлүмүнө шектелген жарандын иши тергелип бүтүп сотко өткөрүлдү. Мындай маалыматты Ош облустук сотунун маалымат кызматынан тастыкташты. Белгилүү болгондой, подполковниктин өлүмүнө шектелип кармалган Д.Ш. аттуу жарандын соттук ишин Ош шаардык соту 10-октябрда карайт.

Эсиңиздерде болсо, ушул жылдын 23-март күнү саат 15:30 чамасында Ош шаарына караштуу Учар айылынын канал бойлой кеткен Набережная көчөсүндө токтоп турган көк түстөгү Мицубиси үлгүсүндөгү унаанын ичинен 1973-жылы туулган Таирбек Уларовдун жансыз денеси табылган. Ал ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Оштогу башкармалыгынын тескөөчү-коменданты болуп иштечү.
Көп өтпөй бул окуяга шектүү катары 4 адам кармалган. Алардын ичинен 1972-жылы туулган Д.Ш. кылмышка өзү гана барганын айтып, жактоочусунун катышуусунда күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.

Өз көрсөтмөсүндө төмөндөгүлөрдү билдирген: "21-март күнү айылыбызда сүмөлөк кайнатылып, кошуналар менен отурганбыз. Анан аялымдын телефонуна Таирбек чалып, аны чакырды. "Эмне үчүн чакырып жатат?" деп сурасам, аялым "карызын берет экен" деди. Артынан 20 мүнөттөн кийин барсам, экөө сүйлөшүп турушуптур. Мен бир аз ичип алган болчумун. Таирбек кызуу болчу. Экөөбүз айтыша кеттик. Анан ал "эркекче сүйлөшөлү" деди. Экөөбүз Учар тарапка каналдын боюна бардык. Ал намысыма тийген ачуу сөздөрдү айтты. Мен ачуумду токтото албай аны колумдагы балдак менен башка бир чаап жибердим. Футбол ойноп, бутумду кокустатып алгандыктан убактылуу балдак таянып жүргөм. Мен коркуп кетип, колума тийген миздүү таш менен дагы бир нече ирет башка чаап жибердим. Ал жыгылып калды. Бирок сөгүнүп жаткан. Мен аны арткы орундукка чалкасынан жаткырып, унаасынын эшиктерин бекиттим. Анан кан болгон ташты жана унаанын ачкычын сууга ыргытып жиберип, өзүмдүн унаамды айдап, сүмөлөк кайнатылып жаткан жерге кайтып келдим. Туугандарыма болсо "Таирбек үйүнө кетти" деп койгом. Окуя кызганычтан, кызуу кандуулукка алдыргандан болду, өлтүрөйүн деген оюм жок болчу".

Бул өзгөчө оор кылмыштын бети Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан изи сууй электе 24-мартта ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан