Чет элдик маалымат каражаттары: "Лас-Вегаста атылган октон каза болгондордун саны 50гө жетти"

Бүгүн, 2-октябрга караган түнү Лас-Вегаста ок атуу болду. Associated Press маалымат агенттиги шаардык полицияга шилтеме берүү менен ок атуудан каза болгондордун саны 50гө жеткендигин жазып чыкты. Ал эми жабыркагандардын саны 200гө чукул. Шаардык полициянын кызматкери, шериф Жозеф Ломбардо аталган басылмага берген маалыматында буга чейин каза тапкандардын саны 20га жеткендигин айткан. Ошондой эле каза болгондордун саны 50 менен чектелиши күмөн.

Эске сала кетсек, окуя Лас-Вегастагы Mandalay Bay аталышындагы оюн-зоок комплексинин алдында болгон. Анда белгисиз адам комплекстин маңдайында жайгашкан мейманкананын 32-кабатынан кантри-музыка сыбызгыган фестивалдын күбөлөрүн көздөй ок чыгарган. Натыйжада баш аламандык жаралып октон жана адамдардын бири-бирин тебелеп салышынан адамдар өлүп, көбү жаракаттарды алышкан.

Жергиликтүү полиция маалымат каражаттарына: "Жалпы жонунан жүзгө жакын ок атылган. Жаракат алгандарды ооруканага алып кетишти. Такталбаган маалыматтар боюнча, ок чыгарган адам Самюэль Хайд аттуу киши болушу ыктымал. Ал ошол жерден эле полиция тарабынан атып өлтүрүлгөн. Анын жанындагы Марилу Дэнли аттуу азиат улутундагы аял изделүүдө", - деп билдирген.

ABC маалымат агенттиги адамдарды аткан кишинин аты Стивен Паддок экенин жана ал 64 жашта болгонун жазды. Полиция кызматкерлери ал Лас-Вегаста белгилүү куудул-актёр болгонун айтышууда. Ал эми анын жанындагы өнөктөшү Марилу Дэнли аттуу аялды издөө иштери уланууда.

Лас-Вегаста элге ок атылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
abdrakhmanovich
2017-10-02 17:04:13
Жаман болду... көңүл айтабыз... Колубуздан башка эч нерсе келбейт экен...
0
kychan.98
2017-10-02 17:10:32
Негизи ушуга окшогондун баарын бийлик жайсайбы деймда
+4
tular
2017-10-02 17:27:21
Америка турбайбы...
0
Chemp85
2017-10-02 17:37:04
Жакшы да аты арабча эмес экен.болбосо экстримизм деп исламды бир жыл жамандашат эле. Озу негизи ушундай окуяларда аттары арабча болуп калса эле бутту ызылдашып каралап мына имламдын жузу деп калышат. Аты арабча болбосо жон эле психика деп дым дым кылып унутканга шашылышат.кудай озун сакта
+7
KGstan1981
2017-10-02 18:16:48
Мен фанатик эмесмин бирок адилеттулук учун айтып коейун.Мьянмада,Сирияда,Иракта,Палестинада жана Афганистанда суткасына орто эсепте жуздогон мусулмандар каза болуп жатышат эмне учун ММКлар унчупай олтурушуп жатышат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан