Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту депутат Канат Исаев менен кошо кармалган 2 жаранды дагы 30-ноябрга чейин камакка алды. Алар дагы 2 ай СИЗОдо кармалышат. Биринчиси - Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Рамис Жунусалиев УКМКнын СИЗОсунда болот. Экинчиси - Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Деӊиз Раимкулов 30-ноябрга чейин Бишкек шаарындагы №1-СИЗОдо отурары белгилүү болду.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев 30-сентябрда массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан кармалган.
Жогоруда аталган 2 жаран Исаев айыпталган ишке катыштыгы бар деп кармалышты.