Ысык-Көлдө 38 жаштагы жаран көлгө чөгүп кетип изделүүдө

Кечээ, 2-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына Түп районундагы Күрмөнтү айылынын Пристань тилкесинде 1979-жылы туулган Ө.И. аттуу жаран көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Учурда издөө иштери жүрүп жатканын SUPER.KG'ге ӨКМнын облустук башкармалыгынан кабарлашты. Изделип жаткан адам мас абалда болгону кабарланды.

"2-октябрда башкармалыкка "бир адам көлгө чөгүп кетти" деген маалымат түшкөн. Маалымат берген жаран менен көлгө чөгүп кетти делген жаран бир туугандардын балдары болушкан. Алар спирт ичимдиктерин ичишкен да, бирөөсү алар отурган жерден кетип калган. Бир аздан соң кайра ордуна келип, экинчи адамды таппай калган. Ал кийимдерин чечип унаасына таштап коюп, өзү жоголуп кеткен. Сууга түшүп кетиши мүмкүн болууда. Учурда куткаруучулар тарабынан издөө аракеттери жүрүп жатат", - деп билдиришти башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан