Бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда активист Мавлян Аскарбековдун иши каралмакчы. Отурум саат 9:00дө башталмак, бирок мамлекеттик айыптоочунун кечиккендигинен баштала элек.
Эске салсак, 10-августта Мавлян Аскарбеков УКМКга суракка чакыртылган. Анда аталган мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Аскарбековдун коомчулуктун алдында айткан билдирүүлөрү боюнча соттук-эксперттик кызматы тарабынан текшерүү жүргөнүн айткан. Ал билдиргендей, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүмү (Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо) менен кылмыш иши козголгон.