Бишкектеги батирлердин биринен аялдын жансыз денеси табылды. ӨКМнын маалымат кызматынан SUPER.KG'ге билдиришкендей, кечээ, 2-октябрь күнү саат 20:41де ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Тунгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жашоочусу үйүнүн жабылып калган эшигин ачып берүүнү суранып кайрылган.
"Биздин куткаруучу топ кайрылган жарандын үйүнө барып эшигин ачып, үйдүн ичине киришкенде Г.З.И. аттуу аялдын жансыз денеси жатканын көрүшкөн. Ал куткаруучу топко жардам сурап телефон чалган аялдын апасы экен. Маркум эмне себептен каза болгону бизге белгисиз", - деп билдиришти ӨКМнын басма сөз кызматынан.