Депутат Канат Исаев эки-үч адамдын катышуусунда акча берип жатканы боюнча видео кайсы убакта тартылганы белгисиз. Бул тууралуу анын жактоочусу Азизбек Турдалиев бүгүн, 3-октябрда өткөрүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.
Жактоочу акча президенттик шайлоо алдында үгүт иштери үчүн берилгенин Исаевдин сөзүнө таянып айтты. "Исаев менен көп убакытка сүйлөшө алган жокмун. Ал 800 миң сом акчаны алган балдар партиянын иштеринде жүргөн балдар экенин айтты. Балдардын аты-жөнүн айткан жок. Толук маалымат алууга жетише алган жокмун", - деди Турдалиев.
Айта кетсек, Башкы прокуратура 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал ушул кылмыш иштерин жасоого шектүү катары кармалган. Кечээ, 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.