Франция лигасынын алкагында 1-октябрда орун алган "ПСЖ" - "Бордо" беттешинин алдында жасоого пландалган террордук актты Франциянын полиция кызматкерлери токтотуп калды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.
Маалыматка ылайык, Париж шаарындагы "Парк де Пренс" стадионунун жанында таңкы саат 4 чамаларында колго жасалган бомба табылган. Бомба 4 газ баллондон жасалып, бензин менен майланганы айтылууда. Жарылуучу зат телефондук чалуудан кийин жарылмак.
Бул окуяга байланыштуу иликтөөлөр жүргүзүлүп, шектүү катары 5 адам кармалган, алардын бири ислам экстремисттик уюмунун мүчөсү болушу мүмкүн экени болжолдонууда.
Аталган "ПСЖ" - "Бордо" беттешине 47 миң көрүүчү барган. Беттештин жыйынтыгында "ПСЖ" командасы 6:2 эсебинде жеңишке жеткен.