8-сентябрда Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, унаа жана анын ичиндеги төрт адам күйүп кеткен. Кырсыктын себебин аныктоо үчүн дайындалган экспертизанын жыйынтыгы чыгарылганын Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов SUPER.KG'ге бүгүн, 3-октябрда кабарлады.
Экспертизанын жыйынтыгында Лексус RX 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта баратып, унааны токтото албай жолдон чыгып кеткендиги аныкталды. Жолдун жээги менен төмөндү көздөй тоголонуп кеткен унаадан от чыгып, ичиндеги төрт адамы менен кошо күйүп кеткен. Кырсык болгон жерден унаанын чачырап кеткен тетиктери, буюмдар жана эки кап кара куурай табылган.
Унаа менен кошо күйүп кеткен 4 адамдын аты-жөндөрү такталган. Алар: 1958-жылы туулган Бишкектин тургуну М.А., 1960-жылы туулган Бишкектин тургуну С.А., 1962-жылы туулган О.Н. балыкчылык жана ушул эле Балыкчы шаарынын тургуну 1967-жылы туулган Б.А. аттуу жарандар болгон.