Журналист: “Ошто Бабановду колдогон адамды 4 белгисиз киши ур-токмокко алды”

“2-октябрда Ош шаарында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдогон Дурбек Алимжановду белгисиз 4 адам шаардын четине алып барып ур-токмокко алды”, - деп SUPER.KG порталына бүгүн, 3-октябрда НТС каналынын журналисти Мирбек Айтикеев билдирди.

Анын айтымында, Алимжанов 1 ай мурун Бабановдун программасын жактырып, аны колдоп акысыз иштеп баштаган. “Белгисиз адамдар Алимжановду сабап, “бизге 100 миң доллар бересиң", “баш аламандык уюштуруу үчүн Бабановдон акча алдым” деп кыйноо жолу менен видеого сүйлөттүргөн экен. Андан кийин алар шайлоо бүткөнгө чейин шаардан чыгып кет деп коркутуп, милицияга кайрылбоосун эскертишиптир. Бул боюнча Алимжанов бүгүн аталган каналга “акыркы жабыркаган мен болоюн” деп интервью берди”, - дейт журналист.

Айтикеев билдиргендей, жабырлануучу Ош облусунун укук коргоо органдарына кайрылган эмес, Бишкек шаарына келип кайрылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (45)
Isco23
2017-10-03 21:41:04
Мен баарына каршы дегенге птичка коюп чыгам
-3
Kyrgyz06
2017-10-03 21:41:15
арманай туугандар Турсунбек Акун президенттике талапкер болгондо колдойт элек ээ.
-14
adiletasanov0111
2017-10-03 22:13:30
Ким президент болсода жанагы еле акыбал еч нерсе озгорбойт.
+2
KUBI
2017-10-03 22:45:34
Талас бабанов менен.
-16
gulnur1973
2017-10-03 22:49:15
Келгиле кыргызым суйлосо тилинен чан чыккан Мадымаровду эле шайлап алайыкчы.
+9
jakilik
2017-10-03 22:59:51
Улукбек Кочкоров ушул иштейт менимче. А башкалар акчасы көп шышкалар. Бай байга жетем дейт болуп атат
+9
Paolo
2017-10-03 23:05:39
Таззза чечиндирип алып тартыптыр го))
+4
Dembele84
2017-10-03 23:30:48
Мадумаров биздин президент!
+8
AKCAHAT
2017-10-03 23:37:25
Бай олконун эли саякатчы, кедей олконун эли саясатчы деп окудум эле))) асман мн жер шайлоонун оюндарына, тим эле акылдуу шайлоочуларга толуп кетти :) шайланчу шайланып буткон эмне болуп атасынар
+1
Nurmat92
2017-10-04 00:05:54
Оо калайык калың журт мени шайлагыла тимеле эки жылда өнүккөн мамлекет болобуз!!!
0
Jumahmatov
2017-10-04 01:13:27
Айланайын калайык калкым мени шайлагыла мен Асмандагы айды алып берем кунду жанынарга койуп берем долларлардан берип турам ар биринди космоско учурам ошентип Кыргызстанды жок кылам деп алдап койшса ишенип албагыла Саке болсо жашоонор озгобойт алдыга дагы кетбейт артка дагы кетбейт Бабанов болсо озгоруштор болушу мумкун бирок точно эмес курттор кутуруп кетет кыргызстанда Мадумаров менен Сариев болсо чон озгоруулор болушу мумкун бирок точно эмес себеби биздин мамлекетте эчтекке жок калды сатышты
+2
energy
2017-10-04 03:15:53
Бул жон эле провакация мен бул фотону башка соц.тармактан кордум эле турмодо сабалган экен.Бугун бул жака чыгарып шайлоого аралаштырып коюптур го
+1
bek_07
2017-10-04 06:17:08
Мадумаров √
0
Ayida
2017-10-04 07:26:55
Балееге бекер иштейсинби?Бабанов болсо гулдоп жашасак дагы дейтда булар
+3
admin_superstan
2017-10-04 13:35:06
Ayida, AzKumFerDan, далилсиз маалыматтарды жазып, порталдын колдонуучуларын алдоону же чаташтырууну максат кылган билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан