ТИМ: "Алматыга жакын жерде кыйраган учакты Кыргыз жараны башкарып бараткан" деген маалымат такталып жатат"

Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 4-октябрда "Алматыга жакын жерде кыйраган учакты Кыргыз жараны башкарып бараткан" деген маалымат такталып жатканын билдирди.

Билдирүүдө "Алматы шаарынын жанында санитардык авиациянын АН-28 үлгүсүндөгү учагынын кыйрашынан 5 киши каза болуп, экипаж башчысы Кыргыз жараны болгон деген маалыматты министрлик тактап жатат. Азыркы учурда Алматыдагы Башкы консулдугубуз казак тараптын тиешелүү органдары менен байланышууда" деп айтылат.

Айта кетсек, кырсык 3-октябрь күнү кечинде Алматыга жакын жерде болгон. Анда Алматы-Шымкент багытында абага көтөрүлгөн АН-28 учагы 12 мүнөттөн соң радардан жоголуп кеткен. Кийин учакты күйүп жаткан абалда жерден табышкан.

Учактын ичинде 3 экипаж мүчөсү жана 2 дарыгер болгон. Алар оор абалдагы жаңы төрөлгөн балага медициналык жардам көрсөтүү үчүн баратышкан.

Ошондой эле казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары каза болгондордун арасында Г.Н.Цой аттуу Кыргыз жараны бар экенин жана ал учактын командири болгонун жазышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Benazir08
2017-10-04 12:07:28
Гангнам Нитааа. Цой деп кыргыздар паспорт берсе кк да ана ой откондо татар аял экен. Кр пасп экен айлыкты чогу алганы барсак. Неге кыргыздын пасп алгансын десем регистрация мн гана журом патент толобойм дейт. Сатып алыптыр. Теги биздин окмот качан иштейт а аз эле акчага жасатып алыптыыыыр. Бул жакта куйбогон жерим кул болду го
+1
Paolo
2017-10-05 03:06:04
Тактап туруп анан жазсанар жакшы болот эле
0
Kroxa
2017-10-05 09:43:12
Кыргыз паспорту ит бекер берилет да..
0
Kroxa
2017-10-05 09:44:16
Канча кытайлар оз жеринде албаган жарандыкты бизден алып жатышат..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан