Казакстандагы учак кырсыгынан каза болгондордун экөө Кыргыз жараны экени белгилүү болду

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Казакстандын Алматы шаарына жакын жерде болгон учак кырсыгынан каза болгондордун экөө Кыргыз жараны.

"Алардын бири экипаждын башчысы 1963-жылы туулган Ц.Г. жана экинчиси 1961-жылы туулган А.Б. аттуу инженер экени аныкталган. Учурда алардын жансыз денелерин мекенине алып келүү маселесин чечүү боюнча иштер жүрүүдө", - деп билдиришти аталган министрликтен.

Айта кетсек, кырсык 3-октябрь күнү кечинде Алматыга жакын жерде болгон. Анда Алматы-Шымкент багытында абага көтөрүлгөн АН-28 учагы 12 мүнөттөн соң радардан жоголуп кеткен. Кийин учакты күйүп жаткан абалда жерден табышкан.

Учактын ичинде 3 экипаж мүчөсү жана 2 дарыгер болгон. Алар оор абалдагы жаңы төрөлгөн балага медициналык жардам көрсөтүү үчүн баратышкан.

Ошондой эле казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары каза болгондордун арасында Г.Н.Цой аттуу Кыргыз жараны бар экенин жана ал учактын командири болгонун жазышкан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suban78
2017-10-04 15:33:20
Жаткан жеринер жайлуу болсун
+1
admin_superstan
2017-10-05 11:10:48
Kroxa, порталдын ишмердүүлүгүнө тиешелүү сын-пикирлер portal@super.kg дарегине жиберилиши керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан