Ысык-Көлдө аялды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 4-октябрдан 5-октябрга караган түнү Балыкчы-Каракол унаа жолунун 84-чакырымында болгон. Анда белгисиз айдоочу Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү унаасы менен жолдон өтүп бараткан 40-45 жаштагы аялды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген.
"Бул факт боюнча ыкчам изилдөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 31 жаштагы Т.Беккул кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.