Пакистандагы жардыруудан кеминде 12 адам каза болду

Пакистандын батышындагы Белужистан провинциясында жардыруудан кеминде 12 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү телеканалдар полицияга шилтеме берүү менен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 5-октябрь күнү Жхал-Магси шаарынан алыс эмес жердеги шииттердин мечитинин жанында болгон. Анда белгисиз адам мечитке кире бериш жерде өзүн жардырып жиберген. Анын кесепетинен кеминде 12 адам каза болуп, 8 адам жабыркаган.

Азырынча террордук уюмдардын эч бири жардыруу боюнча билдирүү таратыша элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан