Ысык-Көлдө сарайда чыккан өрттөн 10 кой, 2 уй күйүп кетти

Ысык-Көлдө өрттөн сарай жана мал-жандыктар күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы бүгүн таңга маал Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылындагы сарайдан чыккан.

"2 кабаттуу сарайдан чыккан өрттү өчүрүүгө №36-өрт-куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм тартылып, саат 08:40та өрт толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен сарай, 1000 түк чөп, 200 түк саман, 10 баш кой, 2 баш уй күйгөн. Өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталууда", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Karban86
2017-10-06 10:12:57
Малдарга жаман болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан