Ысык-Көлдө башына дөңгөлөк кийгизилип, өрттөлгөн адамдын өлүмүнө шектелип, карындашы кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-сентябрь күнү Жети-Өгүз районунун Чырак айылына жакын жерде белгисиз адамдын жарым-жартылай күйгөн жансыз денеси табылган. Кийин маркумдун аты-жөнү такталып, ал 1969-жылы туулган И.К. аттуу Аң-Өстөн айылынын тургуну экени аныкталган. Жогорудагы факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн.
"Жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары маркумдун карындашы 1984-жылы туулган И.А. жана анын күйөөсү Түркиянын жараны И.М. Казакстандан кармалышты. Алдын ала маалымат боюнча, карындашынын мындай жолго барышына мүлктү мурастоодон келип чыккан пикир келишпестик себеп болгон. Шектүүлөр маркумду өлтүрүшүп, анын мобилдик телефону менен Дуйбайдагы кызы менен жазышып, ага акча салдырышкан. Ошондой эле баласына Алматыга кетип жатканы боюнча смс-билдирүү калтырышкан. Ал эми агасына тийиштүү Тойота Версо унаасын да сатууга аракет кылышкан. Кийин ал оңунан чыкпаган соң Бишкекке таштап, Казакстанга кетип калышкан", - деп айтылат маалыматта.