Санкт-Петербургда Кыргыз жараны 11-кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 6-октябрда орусиялык айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 5-октябрь күнү болгон. Анда курулуш иштери жүрүп жаткан жерде трос үзүлүп, 28 жаштагы А.С. аттуу Кыргыз жараны 11-кабаттан кулап кеткен. Жабырлануучу ошол эле жерден жан берген. Азыркы тапта аталган факт боюнча текшерүү жүрүүдө.
Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги маалымат такталып жатканын билдирди.