Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда жол кырсыгынан 7 адам жабыркап, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Патрулдук милициянын Ош облустук бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 6-октябрда саат 14:00дөр чамасында Mercedes-Benz, Hyundai жана Honda Odissey үлгүсүндөгү 3 жеңил унаа кагышып, натыйжада 8 адам жабыр тарткан. Алардын бири ооруканага алып бара жатканда жолдо алган жаракатынан улам каза болгон. Кырсыктан жабыркаган 7 жаран ооруканага жаткырылган.
Учурда жол кырсыгынын себептери аныкталып, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады Патрулдук милициянын басма сөз кызматы.