Москвада 8-октябрда күндүз курулуш материалдарын саткан "Синдика" соода борбору өрттөнгөн. Жалпы 55 миң чарчы метр аянт күйүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 3 миң адам эвакуацияланган. Өрттөн 3 адам жабыркады. Алардын арасында Кыргыз жарандары жоктугун Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Орусиялык басылмалар жазган маалыматка караганда соода борборунда өрт чыкканда белги берүүчү систем иштеп, адамдар имараттан чыга башташкан. Ызы-чуу болгон эмес. Эвакуациянын тынч өтүшүнөн улам адам өмүрү кыйылбаганын куткаруучулар белгилешкен.
Өрт курулуш материалдарын саткан соода борборунун жер алдындагы унаа токтоочу жайынан чыкканы айтылып жатат. Өрттөн болжол менен 5 миллиард рубль зыян келтирилгенин Бүткүл орусиялык камсыздандыруу бирикмесинин президенти Игорь Юргенс билдирген.