Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун аймагындагы Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ менен Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышып, бир айдоочу каза болду.
Маалыматка караганда, кырсык 7-октябрь күнү таңкы саат 5:00дө болгон. Натыйжада Спринтер унаасынын 1973-жылы туулган К.К.Э. аттуу айдоочусу каза болуп калган. Ал эми КамАЗ айдап бараткан айдоочунун буту сынып Таш-Көмүр шаарындагы ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча КамАЗдын айдоочусу рулду башкарып бара жатып уктап кеткен.
Сүзүшкөн унаалардын ичинде дагы бирден жүргүнчү болгон. Алардын абалы жакшы экени кабарланды.