Аида Салянованын соту: Өкүм чыгары күтүлүүдө. Журналисттерди сотко киргизбей жатышат

Бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш ишин карап бүттү. Андан соң сот Кубанычбек Касымбеков өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетти.

Адвокаттын айтымында, бүгүнкү отурумда жарыш сөз уланмак, бирок сот Касымбеков аны токтотуп, Аида Саляновага акыркы сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербей койду.

Ошондой эле сот отурумуна журналисттерди киргизбей жатышат.

Айта кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Прокурор соттон Салянованы 8 жылга эркинен ажыратып мүлкүн конфискациялоону суранган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2017-10-10 10:34:21
Шарттуу турдо 2жыл берсин. Камаса болбойт го эмчектеги баласы менен. Ошого жараша Аида да жон журушу керек да. Ээсин тепкен бээдей болбой..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан