Бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага карата өкүм чыгары күтүлүүдө. Сот Кубанычбек Касымбеков өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетип, сот залына кайтып келе элек.
Адвокаттын айтымында, бүгүнкү отурумда жарыш сөз уланмак, бирок сот Касымбеков аны токтотуп, Аида Саляновага акыркы сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербей койгон.
Башында милиция сот залына журналисттерди киргизбей жаткан. Акыйкатчы Кубат Оторбаев милиция кызматкерлери менен сүйлөшкөндөн кийин гана журналисттерди киргизишти.
Аида Салянова билдиргендей, ал үчүн соттун өкүмү кандай гана болбосун, күтүүсүз болбойт. "Бүгүн менин акыркы сөзүм дагы угулган жок. Сот өкүм чыгарганга шашып жатат. Өкүм кандай экенин билип турам. Өкүм даяр. Мыйзам бузуулар менен өткөн соттук отурумдар өкүм заказ экенин далилдейт. Күнөөлөгөн өкүм чыкса, муну тарых өз ордуна коёт. Журналисттерге соттук отурумдарды калыс чагылдырганы үчүн ыраазычылык билдирем", - деди Салянова.
Айта кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.
Прокурор соттон Салянованы 8 жылга эркинен ажыратып мүлкүн конфискациялоону суранган.