Бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага карата өкүм чыгары күтүлүүдө. Сот Кубанычбек Касымбеков өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетип, сот залына кайтып келе элек.
Адвокат Улан Жумаковдун айтымында, учурда соттун имаратынын айланасында милиция кызматкерлеринин саны өстү. Мындан тышкары имараттын жанында автозак жана кармалгандарды ташуучу көп орундуу атайын унаа турат.
Бүгүнкү отурумда жарыш сөз уланмак, бирок сот Касымбеков аны токтотуп, Аида Саляновага акыркы сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербей койгону белгилүү болгон.
Аида Салянова "соттун өкүмү кандай гана болбосун, мен үчүн күтүүсүз болбойт" деген.
Башында милиция сот залына журналисттерди киргизбей жаткан. Акыйкатчы Кубат Оторбаев милиция кызматкерлери менен сүйлөшкөндөн кийин гана журналисттерди киргизишкен.
Айта кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.
Прокурор соттон Салянованы 8 жылга эркинен ажыратып мүлкүн конфискациялоону суранган.