Бүгүн, 11-октябрда Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган жол кырсыгынан 6 адам жабыркаган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жол кырсыгынан автобустун 4 жүргүнчүсү жана айдоочусу, ошондой эле Hоnda CR-V үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жеңил жаракат алышкан. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген. Каза болгон адам жол кырсыгынан көз жумган эмес. Ал катуу ооруп жаткандан улам ооруканадан чыгарып беришкен экен. Бейтап жолдо келе жатып каза болуптур. Жеңил унаанын айдоочусу бир тараптуу болгон Насирдин Исанов көчөсү менен түштүк тарапты көздөй кетмекчи болуп, кырсыкка кабылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, буга чейин Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде 38-каттамдагы автобус менен Hоnda CR-V үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.