"Канат Исаев интернетке тараган чуулуу видеодо баш аламандык уюштуруу үчүн акча берген жок”, - деди бүгүн, 11-октябрда маалымат жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин жактоочусу Улан Жумаков.
Ал Исаевдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы жок экенин айтты. “Алар менен Исаевдин байланышы бар болсо анда эмнеге Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын жетекчисинин орун басарын кармайт. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбү?” - дейт Жумаков.
Анын айтымында, кээ бир телеберүүлөр Исаевди бир жактуу жамандап жатышат. “Исаев жаңы “Кыргызстан” партиясын түзүп, Жогорку Кеңешке өткөн. Ал боюнча эмнеге чыгарышпайт. Исаев Кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги үчүн күрөшкөн, тайманбаган, эр жүрөк адам. Президенттик шайлоого талапкерлигин койгон. Анда дагы Борбордук шайлоо комиссиясы ар кандай шылтоо таап каттабай койду”, - деди жактоочу.
Айта кетсек, Башкы прокуратура 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал ушул кылмыш иштерин жасоого шектүү катары кармалган. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.
3-октябрда жактоочу К.Исаевди айыптоого далилдер жок экенин жана чуулуу видеодо Исаев берип жаткан акча үгүт иштери үчүн гана болгонун айткан. Ал эми УКМК Исаевдин күнөөсү далилденип жатканын билдирген.
4-октябрда Канат Исаевди коргоо комитети түзүлгөн.