Ысык-Көлдө милициянын майору 55 жаштагы аялды зордуктап күйөөсүн сабаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 58 жаштагы тургуну Б.К. аттуу жаран Жети-Өгүз РИИБинин майору С.Д. аялын зордуктап, өзүн сабагандыгын айтып арыз менен кайрылган.
Маалыматка ылайык, арыз ээси 9-октябрдан 10-октябрга караган түнү үйүнө келип, анын үйүндө ижарага жашап турган милиция кызматкери С.Д. мас абалында аялына күч колдонуп зордуктап жатканына күбө болот. Аялына болушууга аракет кылганда ортодо мушташ чыгып 40 жаштагы милиция кызматкери аны сабап салган.
Ошондой эле Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан учурда аталган милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайда кармалып турганын, иши иликтенип жатканын билдиришти.