Таш-Көмүрдө көмүр казуу учурунда бир адамды таш басып каза болду

Таш-Көмүрдө көмүр казуу учурунда экскаватордун айдоочусу 1981-жылы туулган Жаныш Мамакеев аттуу адамды таш басып калып каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Тоокен кесиптик бирлигинин эмгек техникалык тескөөчүсү Назар Жаналиев кабарлады. Анын билдиришинче, кырсык 6-октябрь күнү Таш-Көмүр шаарынан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан көмүр казуучу жайда болгон.

"Көмүр казып жатканда экскаватордун башкаруучусун 1,5х1,3х0,8 көлөмүндөгү таш үстүнөн кулап түшүп басып калган. Учурда атайын түзүлгөн комиссия окуя болгон жерге чыгып кетти", - деди Жаналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
molorbaev
2017-10-11 13:21:16
Шайыр, ырчы, жакшы адам эле. Жаткан жери жайлуу болсун. Артында 5 баласы калыптыр.
+1
kalima88
2017-10-11 17:03:32
Аяш жаткан жериң бейиш болсун!!!
0
look
2017-10-11 20:19:52
каза болгон бала Ташкомурдон бекен
0
aslan_akjol89
2017-10-12 00:26:22
look,жоок Акжолдон болчу.Жакшы адам эле даа,жайы жаннаттан болсун.
0
jon.as
2017-10-12 10:16:47
Жаман болуптур Ыйманы Саламат болсун. Кырсык каш менен кабактын ортосунда деп бекер атылбаптырда. Олоорун ким билсин... Жаткан жери жайлуу болсун калган омур жашын балдарына берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан