Орусиянын Челябинск облусунда жол кырсыгынан 8 адам жаракат алды. Алар Кыргыз жарандары экендиги айтылууда

Орусиянын Челябинск облусунда жол кырсыгынан 8 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Хонда үлгүсүндөгү унаа жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Натыйжада жүк ташуучу унаа менен бетме-бет сүзүшкөн. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилген. Учурда Орусиянын жол коопсуздугун көзөмөлдөө инспекторлору кырсыктын себептерин териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Окуя 10-октябрда болгон.

Хонда унаасында Кыргыз жарандары болгон, алар мекенине кетип бараткан. Кырсыктын болжолдуу себеби Хонданын айдоочусу уктап кеткен деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Shaa-82
2017-10-11 12:37:07
Аллах озун сакта кыргыз элими! Аман эсен болушсунчу.
+6
kyrgyz.kg83
2017-10-11 12:39:17
Кудай сактасын абайлап шашылбай еле журушсочу,уктап есалып айдаса не болот,бир кун кечиксекда аман есен жетебизго тугандар
+6
pixduel1
2017-10-11 13:08:08
салам супер инфо!Москвадан посольствого суроо узаткылачы сураныч.Эмне учун документи тазаларды депорт кылып жатат биз союз эмес белек?Эгердемигрант коп болсо анда границаны жаап салбайбы,кыйналып келишкенде депорт кылбай!
+7
admin_superstan
2017-10-11 15:10:59
pixduel1, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
aruuzatmeka
2017-10-11 22:04:03
Аллахым озун сакта чет жерде жургон элимди
0
jon.as
2017-10-12 10:13:32
Аман эсен айыгып кетишсин. Кудай колдоп жакшы Аман калышыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан