Бүгүн, 11-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Райкан Төлөгөновдун иши каралмак. Бирок отурум башталар алдында сот күбөлөр суралып бүткөнүн айтып, Төлөгөновдун өзүн суракка алуу керектигин билдирди.
Буга нааразы болгон жактоочу Төлөгөновдун ишине тикелей тиешеси бар 2 адам гана суралганын, калган түз тиешеси бар адамдар суралбай калганын белгиледи. Ага байланыштуу баарын суракка алуу керектигин же ишти кыскартып Төлөгөновду актоо керектигин айтты.
“Телеберүүлөрдөн көрсөтүлгөн Абдулла Юсуповдун жалган көрсөтмөлөрүнүн негизинде ишти жыйынтыктагыңыз келип турат. Дагы Абдувалиева, Оморов, Бакаев жана бир нече адамдардын баарын сураш керек. Бул абактын ичинде даярдалган жасалма иш, кантип журналисттер абакта отурган адамдан интервью ала алат?
Бул иш мурдагы Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жетекчилери Зарылбек Рысалиев менен Байзаков тарабынан атайын уюштурулган саясий боёктогу жасалма иш. Андан сырткары Юсуповдун Жогорку Кеңешке жөнөткөн кайрылуусу Рыкунованын компьютеринде жазылганын экспертиза далилдеп берди. Бул нерселердин баарын такташыбыз керек. Эгер бул нерсенин баарын тактап, күбөлөрдүн баарын сурай албайбызбы, анда ишти кыскартып, Төлөгөновду актоо керек”, - деди жактоочу.
Ошондой эле ал күбө катары Өмүрбек Бабановду, Ахматбек Келдибековду да чакыруу керектигин айтты. Жактоочунун сунуштарына прокурор каршы чыгып, канааттандырбоо керектигин айтты. Сот жактоочунун Төлөгөновго карата коюлган кылмыш ишин кыскартуу талабын кароо үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.
Айта кетсек, Райкан Төлөгөнов 2010-жылдагы талап-тоноочулук боюнча айыпталып 2017-жылдын март айында камакка алынган.