Төлөгөновдун жактоочусу сотту алмаштырууну өтүндү. Сот кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти

Бүгүн, 11-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Райкан Төлөгөновдун иши каралууда.

Отурум башталарда сот күбөлөр суралып бүткөнүн айтып, Төлөгөновдун өзүн суракка алуу керектигин айткан. Ага нааразы болгон жактоочу Төлөгөновдун ишине тикелей тиешеси бар бир нече адамдар суралбай калганын, ага байланыштуу баарын суроо керектигин же ишти кыскартып Төлөгөновду актоо керектигин айткан. Сот бул өтүнүчтү четке каккан. Мындан тышкары Төлөгөнов прокурорду алмаштыруу өтүнүчүн келтиргенде да сот канааттандырган жок.

Буга байланыштуу жактоочу сотту калыс карабай жатканын айтып, сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү.

"Күбөлөр Акжол Абдувалиевди, Азамат Өмүралиевди, Нургазы Бакаевди, Жазаларды аткаруу кызматынын мурдагы жетекчилери Байзаковду, Рысалиевди сотко чакырып, суракка алыш керек. Андан сырткары дагы бир нече күбөлөр бар, аларды да чакырышыңыз керек эле. Күбөлөрдүн баарын чакырбаган соң же ишти кыскартпагандан кийин мыйзамга ылайык, өзүңүздү бул ишти кароодон четтетишиңизди өтүнөм", - деди жактоочу.

Бул өтүнүчтөн кийин чечим кабыл алуу үчүн сот кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан