Бүгүн, 11-октябрда Биринчи Май райондук сотунда Райкан Төлөгөновдун иши каралмак. Бирок отурум башталганда сот күбөлөр суралып бүткөнүн айтып Төлөгөновдун өзүн суракка алуу керектигин айткан. Ага нааразы болгон жактоочу Төлөгөновдун ишине тикелей тиешеси бар көпчүлүк күбөлөр суралбай калганын, ага байланыштуу баарын суроо керектигин же ишти кыскартып Төлөгөновду актоо керектигин айткан. Сот кеңешме бөлмөсүнө кирип чыгып аталган сунушту четке какты. Бул маселеге каршы чыккан прокурорго нааразы болгон Төлөгөнов прокурордун кесипкөй экенинен шектенип жатканын айтып, ага ишенбөөчүлүк көрсөттү. Сот аталган маселени кароо үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип чыгып ал талапты да четке какты.
Ага нааразы болгон Төлөгөнов керектүү күбөлөрдүн көпчүлүгү суралбай калганын айтып, сотко ал сурак учурунда сүйлөбөй коёрун билдирди. Ошондой эле ал нааразы экенин, иш жасалма, ойдон чыгарылганын айтып оозун тигип алууга убада берди. Андан кийин жактоочусу сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүп, сот ал талапты да четке какты.