Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 375-чакырымында Мерседес-Бенц жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.
Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон айдоочуну унаадан чыгарышкан. Кырсыкка кабылган адам Нарын шаарынын 1985-жылы туулган М.У. аттуу тургуну болгон. Айдоочунун жансыз денеси "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилген. Окуя бүгүн, саат 12:26лар чамасында орун алган.