Бүгүн, 11-октябрда Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Райкан Төлөгөновдун иши каралып жаткан. Бирок отурумдун жүрүшүндө айыпталуучу Райкан Төлөгөнов өзүн жаман сезип башы айланып жатканын айтып, отурумду башка күнү улантууну өтүндү. Сот жумуш убактысы аяктайын деп калганын да жүйө кылып отурумду 12-октябрда түштөн кийин улантуу чечимин чыгарды.
Эске салсак, Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.