Ирактагы кафеде болгон жардыруудан кеминде 11 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда "Ассошиэйтед пресс" агенттиги жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазды.
Маалыматка караганда, жардыруу Анбар провинциясындагы Хит шаарындагы кафеде болгон. Анда жан кечти-террорист кафенин ичине кирип, өзүн жардырып жиберген. Анын кесепетинен кеминде 11 адам каза болуп, 15 адам жабыркаган.
Каза болгондордун баары жергиликтүү тургундар болгон.