Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан улам 1 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан улам 1 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Жалал-Абад ОИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 12-октябрга караган түнү саат 02:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 379-чакырымында болгон. Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен. Жыйынтыгында 1975-жылы туулган айдоочу ошол жерден каза болгон. Мындан сырткары унаадагы 3 адам денесинен жаракат алган. Жаракат алгандар шаардык ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bektur.osh
2017-10-12 15:18:41
Биссмиляхи Альхадулиллах.
Субханналлазии саххаро лаа наа хааза уа ма кунна мукриниин уа инна иллла Роббина ламункалибуун... ушул дуаны жаттап алыныздар. унаага отурганда дуа кылыныздар.Аллах таала озу кырсыктан ары кылсын...амин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан