Өлкөдө "террордук актыларды ишке ашырууга даярдык көрүп жүргөн" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, контртеррористтик иш-чаралардын алкагында 1978-жылы туулган Кыргыз жараны К.Х. кармалган.
"Аныкталган маалыматтар боюнча К.Х. 2013-жылы эл аралык террордук түзүмдөргө кошулуу максатында өлкөдөн чыгып кетип, Сириядагы "Сайфуллах аш Шишани" башында турган "Джабхат Фатх аш Шам" террордук тобунун катарына кошулуп, өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан. 2016-жылы террордук уюмдардын башчыларынын тапшырмасы менен Сириядан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймагына келип, алардын арасында Кыргыз өлкөсүнө да террордук акцияларды даярдап, ишке ашыруу максатында жашыруун ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат.