Бүгүн, 12-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 5-чакырылыштын депутаты Райкан Төлөгөновдун кылмыш иши каралууда.
Отурумдун жүрүшүндө сот Төлөгөновдон Абдулла Юсуповдун граната бергендиги жөнүндөгү көрсөтмөсү тууралуу сурады.
“Бул курал. Анын өзүнүн номерлери бар, көрүнгөн жерден эле сатып алгыдай попкорн же пирожки эмес да. Ал куралдар кайдан келди, кайсы күч түзүмүнөн, кимдин күнөөсү менен, качан жоголгон деген суроолорго жооп табышыбыз керек да. Андан сырткары деле айтылып жаткан куралдардын тегерегинде түшүнүксүз нерселер көп болууда. Ошон үчүн ушул окуяга түздөн-түз тиешеси бар Абдували Акжоловду сотко күбө катары алып келиш керек”, - деди Төлөгөнов.
Мындан сырткары сотто Төлөгөновдун ишине байланыштуу дагы бир нече күбөлөрдү чакыруу керектиги айтылды.