Бүгүн, 12-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун кылмыш иши каралууда.
Отурумдун жүрүшүндө Райкан Төлөгөнов өзүн жаман сезип жатканын айтты. Экс-депутат соттон отурумду башка убакка, мүмкүн болсо кийинки жумага жылдырууну өтүндү. Бирок буга прокурор каршы чыкты. Натыйжада сот Төлөгөновдун өтүнүчүн канааттандырып, отурумду 13-октябрда түштөн кийин улантуу боюнча чечимин чыгарды.
Эске салсак, Башкы прокуратура "Каракчылык", "Автоунааны же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу", "Кымбат баалуу металлдарды, табигый асыл таштарды мыйзамсыз жүгүртүү", "Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу" беренелеринин негизинде кылмыш ишин 2012-жылы 22-августта козгогон. Тергөөнү ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзгөн. 2017-жылдын 14-мартында бул кылмыш ишинин материалдары ИИМден УКМКга өткөрүлгөн.