Патрулдук милиция: "Темир Жумакадыров бараткан унааны сүзгөн оор жүк ташуучу КамАЗ каршы тилкеге чыгып кеткен"

Темир Жумакадыров бараткан унааны сүзгөн оор жүк ташуучу КамАЗ каршы тилкеге чыгып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, азыркы тапта тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эске салсак, 7-октябрь күнү эртең менен саат 07:30 чамасында Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө КамАЗ Тойота Прадо унаасын сүзүп, 10-15 метрге чейин сүрүп кеткен. Натыйжада Тойота Прадо унаасынын ичиндеги Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон. Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголгон болчу.

КамАЗдын айдоочусу Чүй облусунун Панфилов районунун 25 жаштагы тургуну экени белгилүү болгон. Учурда ал эки айга тергөө абагына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Taalaibek.
2017-10-12 18:59:30
Каралап башталдыбы. Джип кунолуу! Карапайым камаз айдаган айдоочуну жайына койгула, куноолобогуло.
+14
almanbetperm
2017-10-13 06:07:39
ПМ коргондой суйлошотго
+3
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-12 19:02:14
Бул жерде бир нерсе бар
+16
tatynam_88
2017-10-12 19:10:46
Ойлогон элем.камазды куноолуу кылышат деп.ХХХХ
+11
TIMON_BERKOWITZ
2017-10-12 19:39:28
Сүрөттү жакшылап караган адам түшүнсө керек, камаз каршы тилкеге чыгып, солго бурулуп жаткан. Прадо катуу келе жатып сүзүп алган. Бирок бул заказуха болгонбу же капыстыкпы бир кудай билет.
+9
kyrgyz.kg83
2017-10-12 20:07:02
Кандай болгондода бул аварияда,алдындагы жургунчу менен артындагы жургунчунун,аман калусуна 80% мумкунчулук бардай,башка кырсыктар машина былчыйып калсада адамдар тиру калып жатпайбы,баары кудайданго,бирок бул жерде случайный авария емес атайын уйуштурулгандай,бул менин жеке ойум
-2
zamirbekorozalimovkg
2017-10-12 20:40:12
kyrgyz.kg83,атайлап ким кылмак еле кырсык каш кабактын ортосунда деп койот
+3
SHERBOLAT
2017-10-12 20:12:45
Баягы эле карапайым кунолу
+6
Makain
2017-10-12 20:13:52
Карапайым эле куноолу
+8
KGstan1981
2017-10-12 20:41:22
Ошол куну эле Атамбаев козу ачыктык этип камаздын айдоочусу кунолуу деп айткан демек ИИМ Атамбаевтин буйругун аткарып карапайым камаздын айдоочусун камайт.
+9
mr.ulan89
2017-10-12 20:47:25
Байкуш камазист кантип эле оор жук ташуучу катуу ылдамдыкта келсин жана эч кандай каршы тилкеге чыккан жок бул мени жеке ойум эми калганын бир кудай билет просто жалко жаш эле бала экен
+6
Azat.97
2017-10-12 20:59:38
mr.ulan89,Каршы тилкеге чыккан жок деп озуно ишенип айтып жатасын го же жанынан кордун беле.Алдын ала пландалган дейсинер жанындагы жигит уктап жаткам деп атпайбы.Алдын ала пландалса жигит уктамак беле?Бул кырсык.КамАздын айдоочусу уктап кеткендир ким билеет эми
-2
mr.ulan89
2017-10-12 21:44:37
Azat.97,ошо мен айтып жатам менин жеке ойум деп эми аны бир кудай билет балки чынында эле уктап кеткендир туну менен жол журуп
0
kyrgyzka96
2017-10-13 00:03:43
Azat.97, Кечиресин го бирок кырсык болгон учурда камазда водитель озу эле болгон. 2 кундон кийин жанында пассажири деп чыкты. 2 кун буту сынган пассажирди патрулдук милициянын кызматкерлери коргон жокбу. Кантип корбой калат айткылачы?
+2
Bars111
2017-10-12 22:46:42
Аны уқтап калгансың дедиртишти да тергөө органдары. Башка айлаң жок дешип. Башында КамАЗдын айдоочӯсун мас экен деп күнөөлөп атышты эле, ал ойлору ишке ашпай калды көрүнөт...
+5
akkyzmild86
2017-10-13 00:58:38
Оор жук ташып баратыптыр, камаздын 2-3 борту болгон шок абалда болуп так эсептебей калыптырмын. Буудайдын копчулугу жерге тогулуп чачылган абалда экен. Эрте чыксам балким кубо болуп калмакмын кырсыкка. Бирок каршы тилкеге чыкпайт болушу керек анткени жугу аябай оор болгон. Байкуш олгон кишиге дагы, жаш балага да кыйын болду.
+5
kalpak.kg92
2017-10-13 10:18:16
Ашанын иши озу каша болуп жатса угут ишин туздон туз угуттоп жатса олгон адамдын жайы жаннаттан болсун дейли...бул жерде Тойота кунолудой байкалып жаттат жон гана карапайым адамга одарып жатат...Азыркы убакта Ашанын убагында 6 жылда...Бир чон чиновник сузсода карапайым адам кунолу мындай айтканда кечиресиз машнемдм сузуп алдыныз кечиресиз деп кутуласын..кароче ХХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан