Мындан 21 жыл мурун тартылган “Ырыс алды – ынтымак” ролигиндеги чака менен суу ташыган көкүлчөн эгиз балдарды көрбөгөн адам жоктур. Алар азыр бой тартып, өз кесибинин мыкты адиси болуп, бири үй-бүлө күтүп калган. “Бизди күнүгө эртең менен 5терде алып кетип, түнү 10-11лерде алып келишчү. Ошентип 1 жарым айча тартылдык. Ролик үчүн атайын кыркылган көкүлдөрүбүздөн башында уялчу элек. Бир жарым ай ошентип жүрүп тартылып бүтөрү менен алып салдык”, - дейт Асан Жумабеков.
Көпчүлүктүн эсинде сакталып калган роликтин каармандарынын маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№780, 13-октябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.