Боинг кырсыгында карындашынан айрылган киши: “Карындашымды топурак алдынан сууруп чыктык. Арасында ичегилери чубалып калгандар да бар эле”

2017-жылдын 16-январында бейпил жаткан айылдын башына кырсык келип, 39 кишинин өмүрүн алып, 23 үйдү жараксыз абалга кептеген. Жакындарын жоготкон адамдардын жарасы алиге чейин айыга элек. Каза болгондордун ар биринин өзүнчө тагдыры, максаты бар эле. Кырсыкта карындашынан айрылган Урмат Исаков ал күндү төмөнкүчө эскерди. “Карындашымдын экинчи баласы топурактын алдында калыптыр. Экөө топурактын алдын казып издеп жатышса “ы-ың” деген эле үн чыгат. Көрсө, экинчи жээним топурактын алдында басылып калыптыр. Ошол үндү уга калып казып жатып экинчисин аман чыгарып алышыптыр. Ошентип эки баласы аман калып, үчүнчүсү мектеп босогосун жаңы аттаганы жаткан уулу апасы экөө каза болду”, - дейт бир тууганынан айрылган Урмат Исаков.

Материалды толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№780, 13-октябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин №780-жаңы санында...

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан