Калифорниядагы өрттөн каза болгондордун саны 27ге жетти

Калифорниядагы өрттөн каза болгондордун саны 27ге жетти. Бул тууралуу "CNN" телеканалы жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка караганда, өрттүн жалпы аянты 773 чарчы километрди түзгөн. Ошондой эле 3,5 миң имарат күйүп, 20 миңден ашык адам эвакуацияланган. Андан сырткары 100дөн ашык адам ар кандай жаракаттарды алышып, 500гө жакын адам дайынсыз болууда.
Азырынча 8-октябрда башталган өрттүн келип чыгуу себептери белгисиз. Ал эми тилсиз жоонун бат жайылып кетишине катуу шамал, кургак аба жана ысык аба ырайы себеп болуп жатат.
Өрттү өчүрүү иштери дале уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан