Кара-Суу районундагы жол кырсыгынан эки адам жабыркады

Кара-Суу районундагы жол кырсыгынан эки адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Ош ОИИБнин патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн түшкө маал Кара-Суу районунун Кызыл-Шарк айылында болгон. Анда айдоочу рулду башкара албай, унаа бир канча жолу оодарылып кеткен. Анын кесепетинен унаанын ичиндеги эки жүргүнчү аял жабыркап, райондук ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан