Жайыл районунда эки трансформатордун майы уурдалып, 150гө чукул үй жарыксыз калды

Жайыл районунда эки трансформатордун майы уурдалып, 150гө чукул үй жарыксыз калды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда “Түндүк электр” ААКсынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жайыл районуна караштуу Новониколаевка айылынын Луговая көчөсүндөгү эки трансформатордун майын белгисиз адамдар уурдап кеткен. Жалпы 490 литр май уурдалган.

"Трансформатордун майынын уурдалышы боюнча Жайыл РИИБине билдирүү берилген. Учурда адистер абоненттердин электр камсыздоосун калыбына келтирүү чаралары көрүлүүдө. Мындай фактылар быйылкы жылдын сентябрь айында да катталган. Анда Москва районунда 250 литр, 2016-жылы Кемин районунда 930 литр трансформатордун майы уурдалган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Isco23
2017-10-13 17:54:21
Ток урбаптыр эле да учууунчу урдабайт эле
0
Beka13
2017-10-13 18:05:23
Башка жактан келип урдашпайтда оздору еле атайын ошондой иш кылышат ептеп акча сууруп чыгыштын жолу буджеттен,жонокой адам коркот трансформатордун жанына барыштан
+2
cfif03748
2017-10-13 23:48:03
Beka13,Ооба. уурдап кетишти.сынды.тешилди.кыйшайды.бырышты.тырышты дешип жеп жатышпайбы!сары май болсо экен.уурдап алып барып жегидей
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан